Биз социалдык тармакта

Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси үй-бүлөсү менен Бишкектеги медкызматкерлерге түшкү тамак даярдап жаткан сүрөтү жарыяланды

Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретт үй-бүлөсү менен Бишкектеги медицина кызматкерлерине түшкү тамак даярдап жаткан сүрөтү социалдык тармакта жарыяланды.

Элчи сүрөтүнүн алдына медкызматкерлерге карата ыраазычылыгын калтырган.

"Борбор калаадагы медицина кызматкерлери үчүн түшкү тамак. 22 кызматкерге 22 порция. Сиздер ар күнү кооптуу шарттарда биз үчүн жан үрөп иштеп жатасыздар. Сиздерге чоң рахмат! ", - деп жазган Чарльз Гарретт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sabette
2020-07-14 14:20:28
Англичандар кыйын эле калк бекеринен онукпойт булар экен ошол учун дуйно жузу ушулардын тилинде суйлогон го аракет кылышат!
+11
tynar92kg
2020-07-14 19:55:38
Азамат башка эл,башка жерде жүрсө дагы кыргыздарга жардамын аябагандыгы үчүн рахмат. Биздин жеп чычар чоңдордон караганда пайдасы тийген аял экен...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан