Социалдык тармактарда хижама ыкмасын Covid-19 илдетине же пневмонияга кабылган бейтаптарга колдонсо болот, болбойт деген талкуу канча күндөн бери уланууда. Талаш жараткан суроо боюнча Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, өлкөдөгү кан тамыр хирургиясынын негиздөөчүсү Мамбетакун Намазбеков жооп берет.
Анын жообун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы таратты.
"Хижама ыкмасы негизинен илгерки убакта ата-бабаларыбыз тарабынан адамдын денесиндеги кандын басымы жогору көтөрүлүп кеткенде гана колдонулчу. Башка ооруларга колдонулган эмес. Акыркы убакта хижама көрсөтмөсү барбы, жокпу, айтор бардык ооруларга карата колдонулуп жатат.
Эгерде адамдын кан басымы 200дөн ашып кетип жатса, дарылоо жакшы натыйжа бербей калса, ошол убакта канды чыгарып, хижама ыкмасын колдонсо болот. Бирок медицина кызматкеринин көзөмөлү астында, белгилүү көрсөтмөлөргө таянып, кан чыгаруу мүмкүн. Мисалы бөйрөктүн кан тамыры бүтөлүп калып, кан басымы көтөрүлсө бул учурда хижама ыкмасы жардам бербейт. Себеби бул жакта гормондук бузулуу болуп жатат. Мындан улам кан чыгарып, чыгарбаганына карабай бари бир кан басымы ордуна келбейт. Ал бөйрөктөгү кан тамырларды алмаштыруу жолу менен гана жөнгө салынат.
Мындан улам коронавирус инфекциясы болобу же башка оорулар болобу анын бардыгын хижама аркылуу дарыласа болот деген туура эмес. Бул медицинанын тилине дагы туура келбейт. Хижама колдонулган учурлардын көрсөтмөлөрү өзүнчө. Ал кан басымы көтөрүлгөн убакта, айрым учурларда гана колдонулушу керек. Бирок көп санда эмес. Хижама жасаган адам сөзсүз түрдө медицина кызматкери болушу абзел. Азыркы учурда хижаманы молдолор, көзү ачыктар, медицина илимдери боюнча түшүнүгү жоктор колдонуп жатышат. Ал эми медицина тармагында иштеген бир дагы адистин хижама ыкмасын колдонгонун көргөн жокмун", - деген профессор Намазбеков.