2-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 259 миң 887ге жетти. Алардын арасынан 2 миллион 692 миң 528 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 375 миң 208 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 811 миң 172 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 458 миң 231 адам сакайып, 105 миң 167 бейтап каза болду.
Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен алышкандардын саны 526 миң 447ге жетти. Андан 211 миң 80 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 29 миң 937 адам каза болду.
Орусияда 414 миң 328 адам коронавирус илдетин жуктуруп катталды. Арасынан айыгып чыккандар - 175 миң 514, көз жумгандар - 4 миң 849.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.