Биз социалдык тармакта

"Эмаком" компаниясы 2 бѳлмѳлүү батирдин акчасын коронавируска каршы күрѳшүүгѳ которду

"Эмаком" компаниясы 2 бѳлмѳлүү батирдин акчасын коронавируска каршы күрѳшүүгѳ которду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдады. "Эмаком" курулуш компаниясы Ош шаарына курулган 2 бѳлмѳлүү батирдин акчасын коронавируска каршы күрѳшүү боюнча ачылган атайын эсепке которо турган болду. Каражат медицина тармагын колдоого жумшалат.

Компаниянын директору Мелис Жусупов медицина тармагына мындан кийин да колдоо кѳрсѳтүп турарын билдирип, 2 бѳлмѳлүү батирдин акчасы илдетти жуктуруп алгандардын ѳмүрлѳрү үчүн күрѳшүп жаткан ак халатчандарды колдоого, медицинадагы кемчиликтерди толуктоого багытталарын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин ѳлкѳ башчысы Сооронбай Жээнбеков бизнес ѳкүлдѳрүн мамлекеттеги абалга кайдыгер карабай, колдон келген жардамдарды кѳрсѳтүүгѳ чакырган эле.

"Эмаком" компаниясы медицина тармагына жардам катары 2 бөлмөлүү жаңы батирдин акчасын которду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-07-15 22:01:51
Жакшы ушундай кол кабыш кыла бергиле көптөп!
0
bema_bema
2020-07-16 18:21:09
Окмотко которгону 120 нын чонтогуно кетет.Андан кору ыктыярчыларга беришсин ошолор элге жеткирет.
+2
zhigitaly
2020-07-16 19:45:22
3 күндөн бери жаңылыктан түшпөйт бул эмне рекламабы берсең айтпай бер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан