Биз социалдык тармакта

Ырчы Асел Кадырбекова катышкан жол кырсыгы. Ооруканада жаткан айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаран ооруканадан Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына которулду. Бул тууралуу шаардык милициядан SUPER.KG порталына билдиришти.

Шектелген жаранга сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат деп кошумчалайт басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган. Учурда ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбековага операция жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aslonur
2020-07-15 17:50:59
Асель дагы катуу ылдамдыкта барган да айып экөөндө тең бар болгон видеодон көрүнүп эле туратко бир тараптуу айыптаган деле болбойт
-5
TalaCSKA
2020-07-15 18:43:23
aslonur, жолдо главный анан второстепенный деген правила бар Асель главный менен бара жаткан ГБР Алеслди откоруш керек болчу бирок тескеринче аяабай эле катуу бара жатканы видеодон корунуп тураттко!
+3
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-16 09:57:53
TalaCSKA, Асель главныйда жургон жмес. Второстепенный ал жер
+1
Arstan18.18
2020-07-15 19:02:25
aslonur,кемпирлердей суйлобочу! Асель оз жолунда бараткан светофор жок болсо знак мн журобузго жол кимдики кимге жол болуш кк! ГБР жолду карап откоруп анан учуп кетсе болмок! Пешеход турган ГБРдин астынан ал жоо бараткандыда бурдалап салмак!
0
Jaka78
2020-07-15 19:00:12
иий кырсык, өтө өкүнүчтүү
+4
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-16 01:48:35
Асель Тыныстанова менен жогору, главный болгон Медеров көчөсүн кесип өтөм деген. Сол жагын кое берип негедир оң жагын карабай калган.
Чындыгында ГБРдин ылдамдыктан башка күнөөсү жок. Элге таанымал деп эле бир тараптуу карай берген болбойт. ГБРдин да Асельдикине окшогон үй бүлөсү, алдей балдары болсо керек..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан