Биз социалдык тармакта

Жактоочу: "Өлкө башчысына жана башка жетекчилерге карата Башкы прокуратурага келип түшкөн арыз баары бир катталбайт"

Өлкө башчысына жана башка жетекчилерге карата Башкы прокуратурага келип түшкөн арыз баары бир катталбайт. Мындай пикирин жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Практика жүзүндө активист Раушан Айткулованын президентке жана башка жетекчилерге берген арызы катталбайт дагы. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кирген күнү деле тергөө органдары жана прокуратура фактыларды текшерип жаткандай түр гана калтырышы мүмкүн. Андан кийин сотко чейинки өндүрүш ишин кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу токтотушат.
Мындай божомол жасоого башкы прокурордун пандемияда эмне болуп жатканын көрүп-билип туруп, эч кандай чара көрбөй жатканы түрткү болду. Ал өз демилгеси менен эч кандай чара көргөн жок. Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча, негизги көзөмөл органынын жарандардын кызыкчылыгын коргоосун башташы үчүн жарандар сөзсүз түрдө эле арыз менен кайрылышы керек эмес", - деп жазылган билдирүүдө.
Маалым болгондой, тележурналист жана активист Раушан Айткулова өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун пандемия маалында жүргүзгөн ишине карата нааразычылыгын билдирип, ага импичмент жарыялап, социалдык тармактарда кол топтоп баштаган. Мындан тышкары ал Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан