Биз социалдык тармакта

Оштогу Төлөйкөн айылында эки унаанын айдоочулары жол талашып урушуп, бири-бирине таш ыргытышкан

Ош шаарынын Төлөйкөн айылында эки унаанын айдоочулары жол талаша кетип ортодо чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июлда Төлөйкан айылында балдар арасында чыр чыккан. Анда алар жол талаша кетип, ортодо түшүнбөстүк жаралган. Ал эми аталган айылдын тургундары урушуп жаткан балдарды бөлүштүрүшкөн.

Милиция кызматына бул тууралуу кабар келип, кечинде 6 жаран кармалган. Бирок бул окуя боюнча милицияга эч ким арыз жазган эмес, ошондой эле ооруканага эч ким кайрылган эмес.

"Кармалган жарандар суракка алынып, андан соң коё берилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан