Биз социалдык тармакта

ЖРТ-2020. Баткен облусу республикада экинчи орунду ээледи

Жалпы республикалык тестирлөөдөн Баткен облусунда алты окуучу жогорку упайларды топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

ЖРТдан жогорку упай алган окуучулардын тизмеси:

Чолпон Абдисуханова, Кадамжай лицейинин бүтүрүүчүсү (228 балл);

Сабырбек Маликов, Кадамжай “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү (224 балл);

Азамат Бекбаев, Лейлек районунун №3 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү (223 балл);

Өмүрбек уулу Марсел, Кадамжай “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү (220 балл);

Умиджон Идрисов, Кадамжай “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү (220 балл);

Перизат Ибрагимова, Баткен облустук гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүсү 220 балл.

Белгилей кетсек, республика боюнча эң жогорку 229 балл менен Ош облусунун Алай районундагы №25 Эшкул Мурзаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Акмарал Нурбек кызы алса, андан кийинки жогорку көрсөткүчтү Баткен облусунунун Кадамжай лицейинин бүтүрүүчүсү Чолпон Абдисуханова 228 баллды алган. Баткен облусу ушуну менен экинчи жыл катары менен өлкөдө Бишкек шаарынан кийинки экинчи орунду ээлеп келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
futboler
2020-07-16 16:52:43
Аяш ава деп тоотпойсуңар, көрдүңөрбү баткендиктер кандай күчтүү, согушка да жетишет, окушка да жетишет.
+30
Alinur
2020-07-16 17:15:48
futboler,Эн туура айтасын
+19
Sancho-
2020-07-16 17:00:08
229 балл оштон эле го. Бишкеке өтүп кеттиби
-8
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-07-16 17:15:04
Sancho-, Ош облусунун Алай району деп эле турат. Жогорку балл алгандардын жалпы саны боюнча Бишкек биринчи деп жатат
+9
mariolan
2020-07-16 17:26:17
Семетей атындагы Сапаттын балдары кыйын негизи, алга туугандар
+10
shirinai
2020-07-16 17:43:28
Азаматтар
+9
Baktyluumun98
2020-07-16 18:14:08
Кийинки 2021-жылы менин балам биринчини алат. Дуба кылып койгулачы, сураныч. Плюс баскандарга дагы жуксун, омиин.
+20
aman0296
2020-07-16 22:57:23
Baktyluumun98,сиз 98 - жылкы болсонуз, 17 жашта баланыз болсо, 5 жашынызда торогонсузго?
-1
Arstan18.18
2020-07-16 19:43:10
Азаматтар, баары 200дон нарыго
+5
-adam
2020-07-16 20:46:26
Баткендиктер озу кучтуу келишет
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан