Биз социалдык тармакта

Боом капчыгайында бузулуп калган "Тез жардам" унаасы боюнча министрлик түшүндүрмө берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жаңы алынган "Тез жардам" унааларынын бири Боом капчыгайында бузулуп калды. Мындай маалымат интернет колдонуучу жаран тарабынан бүгүн, 16-июлда белгилүү болгон.

Министрлик жаңы сатып алынган "Тез жардам" унаасынын бузулушу боюнча түшүндүрмө берди.

"ГАЗ "Соболь" 4х4 үлгүсүндөгү "Тез жардам" унаасы бөлүнгөн аймакка, тагыраагы, Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасына жеткирилмек. Боом капчыгайынан техникалык мүчүлүштүк жаралып, унаа бузулуп калган. Окуя болгон жерге жеткирүүчү компания тарабынан механиктер тобу барышкан. Учурда унаа Чолпон-Ата шаарына токтотулду. Адистердин кароосунан кийин кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.

"Тез жардам" унаалары Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Muratmipa
2020-07-16 21:33:19
Анан ушул бузулуп калган машиненени 60мин долларга алып олтурасынар уялбай
+14
Nur777
2020-07-16 21:34:29
Баягы мактанып айтып жаткан Окмоттун 20000$лык машинаны 59000$ алган Газельдериби?))
+11
aza84
2020-07-16 21:36:01
Сороновирус жакшылык кылбайт
+8
baku24
2020-07-16 22:13:26
иий соз жок, соз жок эмне дешинди да билбейсин мамлекеттин абалына мышык ыйлайт. Бир куйгон жан жок ичинер жарылып олгурлор
+9
satyke
2020-07-16 22:22:08
Мерседес, Фольксваген же Форд алса болбойбу? Барып эле орустун ГАЗелине жабышбай.
+9
Kubatbek1974
2020-07-16 22:28:23
Техника бузулатда мен бузулам деп айталбаса
-9
Kylychisa
2020-07-16 23:00:11
Бул газелдер арзан элего 59 мин доллрга 5-6 штук алсан болот орустар оздору иномарка алышат ко бул да ат тиштин бир сериясы го эч Эл тойбой койду биздин чондор
+4
Nur777
2020-07-17 01:10:57
Kylychisa,ооба да,1 машинаны 59минге алып жатышпайьы куйгузуп!
+2
urmat94
2020-07-16 23:11:33
13 скорыйдын ичинде бул газел корунбоду элего тойоталар турат элего суротто же интернеттен эле алып корсотуп койгонбу суротту
+2
batleybesh
2020-07-17 09:39:17
urmat94,турат эле карасан
0
Agayu
2020-07-16 23:32:51
Мен эрте менен бийликти мактап жаздым эле , ал сүрөттө Газель браттар жок болчу , Тойота красавицаны тартып мактанган экен эле да .Аттиң бийлик боор ачыса , боорго тептиңер!!
+3
urmat94
2020-07-17 01:14:42
Agayu,мен да ошону коруп суйундум эле
+1
batleybesh
2020-07-17 09:40:04
urmat94,супер киргизген суротто газель бар болчу
0
alym21
2020-07-17 09:38:31
Agayu,баары газель экен,коз бойомойго бир Форд бар экен арасында(((биздин бийлик жеп тойбоду же жеп олбоду(ашата соктум...)
+1
Moskva93
2020-07-16 23:51:02
Бийлик өкүлдөрү манкурт болду башка сөз айталбайм
+5
muslima-0788
2020-07-17 02:04:51
Бизге 120 кой дагы анын койчусу дагы керек эмес окшойт бир пайдасын корунбой атат.Озубузду озубуз эптейт экенбиз биригип жардам берип
+1
Tolik777
2020-07-17 19:59:56
Айдоочуда косяк экен. Раздатканы кошуп, айдап бара жатыптыр. Жаны машинаны озубуз эле булдуробуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан