Биз социалдык тармакта

Позитив! 10 жаштагы Айшанур фотоаппарат алуу үчүн чогулткан акчасын коронавирустан жабыркагандарга өткөрүп берди

Пандемияга байланыштуу өлкөдө болуп жаткан акыркы оор кырдаалда биздин мекенчил жаштар четте карап турбастан, ар бири колдон келген салымын кошуп жаткан учуру. Алардын катарында өспүрүм балдардын да бар экендиги кубандырат.
10 жаштаггы Айшанур Токтобаева Караколдогу Х.Карасаев атындагы "Сапат" мектебинин окуучусу. Кичинекей Айшанур акча чогултуп, фотоаппарат сатып алсам деп кыялданчу. Көптөн бери чогултуп жүргөн кутучасындагы тыйындары үч миң сомго чамалап калганын айтат. Анын ата-энеси өлкөдөгү болуп жаткан абалга кызынын көңүлүн көп бурдурбоого аракет кылса да, Айшанурдун зиректиги окуяларды жаңылыктардан көрүп, сарсанаа боло берчү. Чогулткан акчасын үчкө бөлүп, эки бөлүгүн терминал аркылуу короновирус менен күрөшүү фондуна которсо, калган бардык майда тыйындарын Каракол шаарындагы штабдардын бирине берген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Айшанурдун жакындары билдиришти.

Эске салсак, мындай кайрымдуулук иштер өспүрүмдөр арасында биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин көптөгөн кичинекей балдар колунан келген жардамын көрсөтүшүп, элдин батасына татышкан.

Мекенчил өспүрүмдөр коронавирус менен күрөшүүгө жардам беришүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aza84
2020-07-17 11:40:23
Жаш балдарга чейин кыймылдап жатат Сороновирус качан кыймылдайт болду экен
+6
fanatka19
2020-07-18 14:23:53
aza84,Короновирус менен курошом деп алган акчаны соруп жатат да ал.
0
VENOM
2020-07-17 13:12:24
Кайран суперчилер баятан бери только негатив жаңылык жазасынар деп койдук эле эми макаланын башына балчайтып Позитив деп жазып койупсунар го))) Оңолот деген ушу, жарайсыңар!
+2
rola
2020-07-18 21:10:02
Кичинекей балдарыбыздан улгу алгыла жеп жутарлар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан