Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 16-июль күнү саат 23:00 чамасында шамал катталды (шамалдын ылдамдыгы такталууда). Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кара-Суу айыл аймагына караштуу Топ-Жаңгак тилкесиндеги, авариялык абалда деп корутунду чыгарылган Кулназаров атындагы орто мектебинин 15 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.
Жаратылыш кырсыгынын чоо-жайын тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМнын Аксы райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылган билдирүүдө.