"Нарын облусунун Кочкор районундагы оорукананын төрөт бөлүмү жабылып, буга байланыштуу төрөтү келип калган кош бойлуу аялдар Ысык-Көлгө (Чолпон-Ата шаарына) жеткирилип жатат" дейт социалдык тармактын колдонуучусу. Ал мындай билдирүүсүн бүгүн, 17-июлда жазып, ооруканада абал начар экенин, дарыгерлер өздөрү ооруп жатканын кошумчалаган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен оорукананын төрөт бөлүмү жабылбаганын билдиришти.
"Биз азыр эле оорукананын жетекчилиги менен сүйлөштүк. Аталган аймактагы бейтапкананын төрөт бөлүмү жабылган жок, иштеп жатат. Орундар дагы болсо бар, кош бойлууларды кабыл алганга даяр.
Ал эми ооруканада дарыгерлердин саны жетиштүү", - дешти маалымат кызматынан.