Биз социалдык тармакта

Бишкектин кире беришиндеги карантиндик постто патрулдук милицияны сүзгөн айдоочу кармалды

Чүйдө санитардык-карантиндик постто турган патрулдук милициянын кызматкерин айдоочу сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен кызматкер денесинен ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 17-июлда саат 08:00 чамасында айланма жол менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги санитардык постто орун алган.

"Анда Хонда Степ унаасынын айдоочусу документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, талаптарды аткарбай патрулдук милицияны унаасы менен сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен кызматкер денесинен ар кандай жаракаттарды алды.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө саат 16:00 чамасында айдоочу Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган аял 1994-жылы туулган Ленин районунун тургуну экени белгилүү болду. Топтолгон материалдар Аламүдүн РИИБине өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aslonur
2020-07-17 22:12:39
Посттогулар деле мыйзамдуу мамиле жасабай жатат да, айыгып кетсин эми
+2
ermek_tagaibekov
2020-07-18 04:50:00
Постогулар озу не ишти буторуп жатат тушунбойсун каалаза тозот калабаса тозушбайт бош келген айдочуларды калп эле коркутуп акча алып жатышат андан коро ошол постогуларды алып эле салса жакшы болмок жон эле айлык толоп бербей.
+1
ermek_tagaibekov
2020-07-18 04:51:28
Эптеп эле элди кайрымака илип тонобой же ошолор вирусту откузбой койсо кана Бали жейт элек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан