Биз социалдык тармакта

Вайнер Эмил Токтошев катышкан жарнамалык роликте мыйзам бузуу аракети бар экени айтылды

Буга чейин вайнер Эмил Токтошев катышкан такси кызматын жарнамалаган видеоролик кыз ала качууну пропагандалап жатат деген талкуу, сын-пикирлерге кабылган. Аталган роликте мыйзам бузуу аракети бар экенин, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан такси кызматынын жетекчилигине айып салынары айтылды. Бул тууралуу "Медиа полис институту" билдирет.

Уюмдун маалыматына ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облусу боюнча башкармалыгы жарандардан келип түшкөн электрондук кайрылууларды карап чыккан.

"Жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, жарнама берүүчү менен жарнама тартуучуладын ортосунда келишим түзүлгөн эмес. Роликте “Жарнама” жөнүндө мыйзам бузуу аракети бар. Учурда такси кызматынын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу процедурасы жүрүп жатат. 17 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arstan18.18
2020-07-17 23:25:18
Блин таапсынар куноолуну
+12
dangerouskg94
2020-07-18 00:43:39
Кыздарды албай койгула 5/6 жыл кр бойунча не болот экен аааа:)))
-10
Dolbooruwka
2020-07-18 15:46:46
dangerouskg94,сенин жашын откону эле калат, кыздар тийип кете берет крга болбосо башка жака, ошондо коросун не болушун
+1
Shef87
2020-07-18 00:51:06
Манаполияга каршы жөнгө салуу агенттик жумуш тапкан экен ошончо олчойгон мыйзам бузууну көрбөй ушуну көрүп
+23
Dalil
2020-07-18 10:53:02
Shef87, чоңдорун көргөнү дух жетпесе эмне кылышсын?
+3
nemo2016
2020-07-18 08:04:47
Зато кара пиар мн хит болдуда
+4
tilek121277
2020-07-18 08:42:34
Ушул нерсе калды эле манополияга олчойгон корупцияны жондобой
+4
OMURBEK.
2020-07-18 18:30:57
Во айланайыын монополя менен курошкон орган ото чон тарыхта калчу жумуштарды бутуруп жаткан тура тан гору эми мине дейбиз аргасыздан жылмайып кала берет экенбизда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан