Күзгү парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.
"Күзгү парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Мен бул тууралуу тийиштүү жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады", - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өткөнүн белгиледи.
Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков "Ата мекен" жана "Республика" партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө жана ушул партиялардан шайланып, иштеп жаткан депутаттарга, ушул эле партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына кайрылды.
"Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм. Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес", - деди президент.
Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда чыгымдарды азайтуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.