Өлкөнүн жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу боюнча суроолор жаралып калган учурлар үчүн ыкчам байланыш номурлары жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, абитуриенттер аталган министрлик тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системине катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алары айтылат.
Аталган системге байланыштуу суроолор жаралса, Билим берүү жана илим министрлигинин төмөндөгү ыкчам байланыш номурларына чалып, керектүү маалыматтарды алса боло тургандыгы маалымдалат.
Байланыш номурлары:
Маалым болгондой, бүгүн, 20-июлда жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды.