Акыркы эки суткада өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 112ге өстү. Муну менен республика боюнча илдетти жуктуруп алган кызматкерлердин жалы саны 2 миң 381 болду. Маалыматты республикалык штабдан бүгүн, 20-июлда билдиришти.
Илдет аныкталгандардын 826сы дарыгерлер, орто медперсонал - 1040, кичи медперсонал - 256, медицина тармагында иштеген башка адистер - 259.
18-19-июль күндөргө карата инфекцияны жуктуруп алган медкызмакерлердин статистикасы боюнча маалымат берилген эмес. Бул күндөрү коронавирус инфекциясы менен пневмония илдетине чалдыккандардын статисткасы бир нече себептерден улам бириктирилип, толуктоолор киргизилген.