Биз социалдык тармакта

Гидрометеорология агенттигинин мурдагы директору Зарылбек Итибаев каза болду

20-июль күнү 57 жашка караган курагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин мурдагы директору Зарылбек Итибаев дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Зарылбек Итибаев 1963-жылдын 20-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьское айылында туулган.

1983-1989-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтун “Автомобиль транспортун эксплуатациялоо” адистигин аяктаган, 1993-1996-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин “Юриспруденция” адистигин аяктаган.

2009-жылдын 8-июлунан 2019-жылдын 18-мартына чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин жетектеп келген.

"Зарылбек Сагындыкович ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Артында калган жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", -деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-07-20 22:35:18
Бейиштен орун берсин, жакшы адам эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан