Биз социалдык тармакта

Каракол шаарында жаңы жол салына баштады. Анын бюджети 74 миллион сомду түзөт

Каракол шаарында жаңы жол салына баштады. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынан билдиришти.

Жол тилкесинин узундугу - 1 миң 100 метр болсо, туурасы - 21 метр.

"Жолду салуу иштери өткөн аптада башталган. Долбоордун жалпы бюджети 74 миллион сомду түзөт. Жол куруу иштери заманбап технологияларды колдонуу менен ишке ашырылууда. Бул жол заманбап жол салуунун үлгүсү гана эмес, туризмди өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Scorpion_09
2020-07-20 19:56:02
1 км жолго , 74 миллион сом кетет экенби?
+1
Aman-moskva
2020-07-20 20:08:12
Ош жалал абат Бишкек жолу бутпос болду ушуну бутурлуго
+1
toktor89
2020-07-20 21:02:24
Немистерди алып келиш керек болуп калды. Алар мындай суммага суйунушот да
Немистер качественный кылат
+1
Shef87
2020-07-21 00:49:13
Ошончо акчага пол салбайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан