Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин жамааты Ош шаардык клиникалык ооруканасына жардам катары 2 кычкылтек концентраторун жана медициналык коргонуучу кийимдерин алып беришти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Мындан тышкары алардын атынан коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 50 миң сом которулганы айтылат.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган университеттин ректору Чаткалбай Райымбаевди кабыл алып, окуу жайдын жамаатына ыраазычылык билдирген. Берилген жардамдар Ош шаардык клиникалык ооруканасына өткөрүлүп берилгени маалымдалат.