Эртең, 21-июлда Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 100 дарыгер жана дары-дармек келет. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда бул жардам Кыргыз-Орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин берилип жатканы жазылат. "Орусиядан келген дарыгерлер Бишкек жана Ош шаарындагы ооруканаларда иштеп, кыргыз медицина кызматкерлерине жардам көрсөтүшөт", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жана жөнөтүлгөн өтүнүчтүн алкагында Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардамы өлкөгө жакынкы убакта жеткириле турганы айтылган.