Эл аралык Ысык-Көл марафону 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, марафон 5-сентябрда өтмөк. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу иш-чаранын мөөнөтү жылдырылды. Марафонду өткөрүү мөөнөтү тууралуу кошумча кабар берилери айтылды. Быйыл 9-эл аралык "Run the Silk Road" марафону өтмөк.