Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда милициянын майору Калыс Садыр уулу каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал пневмонияга чалдыгып, Жети-Өгүз аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
"Кесиптешибиздин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен жакындарына, туугандарына көңүл айтабыз", - деп билдирет Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан.