Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл облустук ооруканасынын эки бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж

Ысык-Көл облустук ооруканасынын эки бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда маалымат жыйында өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

"Учурда оорукананын көз оорулар жана онкология бөлүмдөрүнүн абалы начар, бейтаптарды кабыл алууга шарт жок. Капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул маселе өкмөттө каралып, 13 миллион 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын республикалык бюджеттен бөлүнөрү күтүлүүдө. Жакынкы арада каржы маселеси чечилсе, оңдоо иштери башталат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан