Биз социалдык тармакта

Ырчы Анжелика: "Президент менен болгон жолугушууда ачуу чындыктар айтылды"

Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту. Ырчы Анжелика жолугушуу 3 саатка чейин созулганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн президент менен болгон жолугушуу 3 саатка созулду. Ал жолугушууга келген ыктыярчылардын ар бир оюн, сунушун укту. Чоң оорукана куруу боюнча биздин сунушубузду колдоп, тез убакыттын ичинде качан курулуп баштай турганын айта турган болду. Андан тышкары эскирген мейманканаларды обсервацияга сураганда, ал жакка каражат бөлүнүп бериле турганын айтты.

Ыктыярчылар болгон бугун чыгара ар бириңиздердин атыңыздардан жазган кайрылууларыңызды жеткирип, ызаланып, ачуу чындыкты бетке айтып, дароо жооп алдык.

Бүгүн жолугушууга келген ыктыярчылардан турган "Улуттук кыймыл" түзүлдү. Биз түзмө-түз ажонун аппараты менен иш алып баруу үчүн вотсаптан тайпа ачылды", - деп жазат ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nargizab
2020-07-21 15:08:42

Азаматсынар силерди АЛЛАХЫМ колдосун.
+12
Belek1710
2020-07-21 15:14:08
Анжелика жакчу эле андан дагы жагып бара жатасың кылган ишиң менен, азаматсыңар!
+8
Usow
2020-07-21 16:41:53
Анжелика негизи жакшы иштерди кыласын молоцы классташ!!!
+11
milan-707
2020-07-21 19:08:26
Молодец Аллах разы Болсун кылган иштерине
+3
aza84
2020-07-21 22:01:12
Соке кетсен жакшы болмок деп айтканга биронордун духунар жетиби
-9
Krai
2020-07-21 23:39:30
aza84,сен дайыма эле бээ десе төө деп жүрө бересиң
+6
akmanai
2020-07-22 00:32:48
Депутаттар шайлоого ар бири жалгыз озунун атынан талапкер болуп барып, шайлоодон откондору партия тузсо жакшы чечим болмок. Болбосо жакшы талапкерлердин партиясын шайлаганда ошол партиядагы Эл жугун которууго жондому бары деле жогу деле отуп кетип атат. Ыктыярчылар ушул боюнча да маселе которушсо жакшы болмок. Ал эми Анжелика айым. Сиз азаматсыз!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан