Саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Каныбек Ташиев каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына журналист Өткүрбек Рахманов билдирди.
"Каныбек Ташиев бүгүн, 21-июлда саат 12:00 чамасында мезгилсиз дүйнө салды. Ал Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жаткан. Маркум 57 жашта болчу", - деди Рахманов.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Каныбек Ташиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.