Биз социалдык тармакта

Бишкекте маркумдун туугандарынан сөөктү сойбоо үчүн акча талап кылган өлүккананын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Бишкек шаарындагы соттук-медициналык бюронун (өлүккананын) өкүлдөрү маркумдун туугандарынан сөөктү сойбоо үчүн акча талап кылуу фактысы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөткө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 238-берененин негизинде катталып, учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда өлүккана кызматкерлери маркумду сойбоо үчүн 20 миң сом сурашканын, туугандары сүйлөшүп 10 миң сом бергендиги жарыяланып, кызуу талкууга алынган. Мындан тышкары жарандар маркумдун сөөгүн кезексиз алып кетиш үчүн өлүккананын кызматкерлери акча талап кылып жатышат деп даттанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
-BOSS-
2020-07-21 16:25:15
Акча беришсе сойбойт, акча бербесе союшабы?
Маркумдун туугандарынын уруксаты жок сойгону кандай акысы бар?!
+8
Nurgazy80
2020-07-21 17:40:43
Чекеден эле ата бере турган адамдар көбөйүп калыптыр. Кайгыдан акча жасаган бизде кыргыздарда эле окшойт, башка элден көрбөдүм ,укпадым.
+6
toktor89
2020-07-21 17:59:52
Nurgazy80, шакалдарды дарга асканга уруксат берсе жакшы болмок
+6
fora
2020-07-21 19:20:00
Эми Коррупция олук канага да жеттиби Кыргызстандын келечени эмне болот ушунтип жашасак туугандар
+3
rola
2020-07-21 19:28:58
Кудайдан коркпогон кандай адамдар!Союп органын алып коюуга дагы барышат булар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан