Айт намазы боюнча маселе эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айт намазынын окулушу же окулбашы боюнча маселе учурда каралып жатат. Бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бул маселе боюнча 3-4 күндүн ичинде так маалымат беребиз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин Курман айт майрамы 31-июлда белгиленери кабарланган.