Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда кытай улутундагы адам 16 күндөн бери дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү саат 14:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан Чайна-Роуд компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы 1979-жылы туулган эркек адам дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июль күнү ӨКМнын Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн.
21-июль күнү издөө иш-чарасын улантуу максатында саат 11:05те ӨКМнын №2 өзүнчө издөө куткаруу тобунан 5 куткаруучу тартылды.
Бүгүн, 22-июль күнү издөө иш-чарасы улантылат.