Орусиядагы Кыргыз-Тажик мушташынын катышуучусу делинип 18 жаран кармалды

Екатеринбург шаарында Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы мушташ орун алган. Бул окуядан кийин социалдык тармактарда "тажиктерди жазалоо жөнүндө" терс чакырыктар тарай баштаганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-июлда кыргыз жана тажик улутундагы белгисиз адамдар Москванын аймагындагы коомдук жайда массалык түрдө мушташкан.

"Жогорудагы факты Москва шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү 213-берененин 2-бөлүмү ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Москва шаары боюнча экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тажиктер жана кыргыздар тарабынан ар кайсы мессенжерден укукка каршы иш-аракеттерди жасоого чакырган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде текшерүүнү баштаган. Аталган факты боюнча шектүү катары 9 Кыргыз жараны жана Тажикстандын 9 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан улуттар аралык чыр-чатакты болтурбоо боюнча алдын алуу-түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан