19-июль күнү Екатеринбург шаарынын райондорунун биринде Кыргыз-Тажик жарандарынын катышуусунда мушташ болгон. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Чыр-чатак кыргыз кызга тажик улутундагы балдар тийишип койгондон улам келип чыккан. Эки тараптан 10-15ке жакын адам катышкан. Алардын көбү Орусиянын жарандыгын алгандар болгон. Чырды Кыргыз жарандары токтотуп калган. Окуянын жыйынтыгында, денесинен ар кандай жаракаттарды алгандар бар. Бул факты Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүктөрү тарабынан катталып, азыркы учурда териштирүү иши жүрүүдө.
Андан сырткары ошол эле күнү WhatsApp социалдык тармагында "тажиктер кыргыз баланы өлтүрүп салды" деген жалган маалыматтар тарай баштаган. Маалыматта 20-июль күнү Екатеринбург шаарында чогулуп, тажиктерден өч алуу боюнча айтылган. Массалык кагылышууну болтурбоо менен кырдаалды жөнгө салуу үчүн “Урал элдеринин үйү” коомдук уюмунун имаратында кыргыз-тажиктердин коомдук уюмдарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлгөн.
Кайра эле ошол күнү чыр-чатакты чечүүгө 30-40тай кыргыз менен андан эки эсе көп Тажик жарандары топтолгон. Бул окуя күбөлөр жана мушташка катышкандар тарабынан видеого тартылып, ал орусиялык ЖМКлар аркылуу тарап, эки Кыргыз жараны жабыр тартканы жана алардын абалы канааттандырарлык экендиги айтылган.
WhatsApp аркылуу дагы Кыргыз жараны каза болуп, бул үчүн Тажик жарандарына кайра күч колдонуу менен жооп берүү үчүн 22-июль күнү чогулууга чакырышкан видео тараган. Жогоруда боло турган жолугушууну Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери алдын алып, бардыгы кармалган. Азыркы учурда топтолгон материалдар боюнча кызматкерлер териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.