Биз социалдык тармакта

"Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн айып пулдар "Тез жардам" унааларын алууга сарпталат

Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна "Коопсуз шаар" долбоору боюнча "Тез жардам" унааларын сатып алуу үчүн атайын аккумуляцияланган 145 миллион сом суммасындагы акча каражаттары боюнча ыкчам тартипте тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы №56 токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомдо 50 пайыз калдык максаттуу түрдө милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында "Медициналык "Тез жардам" унааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн" топтолоору тууралуу талап киргизилген.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү даярдык иштери башталды.

Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдардан жыйналган каражаттарды ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kuban-1207
2020-07-24 10:33:36
Ошентип эле элдин чөнтөгүн андып калгыла бийликтегилер бул уят нерсе Жеенбеков
-2
-BOSS-
2020-07-24 10:40:36
Kuban-1207, Бийликти мактабайм бирок бул жерде элдин чөнтөгүн аңдыганын көрө албадым. Жол эрежесин бузбай өз жолуңда жүрө бер, сенден бирөө бир тыйын сурабайт, как будто силерди өкмөт түртүп барып эреже буздургандай, Эрежени бузган өзүңөр, анан дагы наалыганыңар кандай??
0
TalaCSKA
2020-07-24 10:48:28
Ошол А жана Б класстагы россиянын Газ деген тез жардам машинасын 50-60 мин доллардан алгыча албай эле койгула! айланайын Кубатбек ошол машиналар 15-20 мин доллар эле турат экен го эмнеге 3 эсе кымбат сатып алган адамдар жоопко тартылбайт?же озундун кызыкчылыгын барбы ?
+6
Mamajanovna77
2020-07-24 13:08:04
TalaCSKA,кычкачка караганда кичине арзан алышкан окшойт )))
0
bond
2020-07-24 11:03:14
Коопсуз шаардын камераларына тушсонор 90% ошол чет элдик компанияга тушот акча 10% кана бюджетке түшөт ошондо канча штраф салат кээ бир жерлерде международный ппдга жооп бербеген жерлерге камера коюп айдоочуларга айып салынып жатат.
0
Moskva93
2020-07-24 12:53:36
1 ай боло элекго жаңы тез жардам уналарын сатып албадынар беле ар бирин 50 миң доллардан. Анынар бузулуп жолдо калып уят болдунар. И каяктагы уят силерде уятынар болсо уяласынарбы. БААРЫҢАР БИРГЕ ЖОГОЛГУЛА СИЛЕРДЕН ҮМҮТ ЖОК. МЕН КЫРГЫЗСТАНГА ЭЛИМИ ЖЕРИМИ АТА ЭНЕМИ БИРТУГАНДАРЫМЫ КАНА КӨРГӨНҮ БАРАМ БОЛБОСО БАРБАЙТ ЭЛЕМ.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан