Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарындагы кампадан табылган дары-дармектер сатыкка коюлганы аныкталды

Бишкек шаарындагы дары-дармекти катып жаткан кампалар сатыкка даярдалып жаткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бааны негизсиз жогорулатуу жана дары-дармек каражаттарынын жасалма жетишсиздигин жаратуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бир катар тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүздү.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тергөөчү судьянын чечиминин негизинде дары-дармектер сакталган кампаны тинтүү жүргүзүүгө уруксат берилген. Тиешелүү чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө дары-дармек кампалардын биринен табылган. Андан кийин тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө, аталган дары-дармектер андан ары сатуу үчүн өлкөдөгү дарыканаларга жеткирүү пландаштырылганы аныкталды", - деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында дары-дармектерди катып жаткан кампалар аныкталгандыгы тууралуу айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2020-07-24 11:05:33
Факт барбы кимдики аты жөнү жазбацсынарбы ачык эле же бийликте отурган бирөөнүкүбу
+4
samarbek.88
2020-07-24 11:36:04
таап алган нерсени бекер тараткыла
+2
baku24
2020-07-24 12:01:17
оозунарды болушунча майлаптыр да, качан бизде чындык айтылчуу эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан