Бишкектин Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылы 27-июлдан 30-августка чейин чектелет. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орозобеков көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин чектөө киргизилет. Анын себеби жылуулук камераларды оңдоо менен байланыштуу. Бул иш жылуулук тармактарын алдыдагы жылытуу мезгилине даярдоонун алкагында жүргүзүлүүдө.