Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарындагы стационарларда кезекке тургандар болбой калды

Өткөн суткада күндүзгү Бишкек шаарындагы стационарлар 2 миң 638 адамды кабыл алды, анын ичинен 1 миң 871 адам инфузиялык терапия, 756 адам медициналык кеңеш алып, 11 адам ооруканага жаткырылды. Мурдагы күнү 2 миң 905 адам кайрылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми, 23-июлдан 24-июлга караган түнү түнкү стационарларга 517 адам кайрылды. Жалпысынан 24-июлга карата күндүзгү стационарлар 65 миң 768 адамды кабыл алып, 341 адам ооруканага жаткырылды. 15-июлдан 24-июлга чейин түнкү стационарларга 5 миң 416 адам кайрылган, 18 адам ооруканага жаткырылды.

"Бактыга жараша, акыркы күндөрү стационарларда каза болгондор катталган жок. Дарыгерлер саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 дарылоо алгоритмине ылайык иштеп жатышат. Аталган алгоритм ар бир оорунун деңгээлине жараша өзүнчө каралат. Жеңил формада антибиотик жана тамчылатып дары куюу каралбайт. Дене табы 38-38,5 градустан жогору болгон учурда гана дарыгерлер таблетка түрүндөгү дене табын түшүргөн дарыларды, эң башкысы суюктук көп ичүү жана дем алуу көнүгүүлөрүн жазып беришет", - деп билдиришти мэриядан.

Орто оор абалда, эгерде дене табы 5-7 күн бою жогору болуп турса, ооруган адамга антибиотик жазып берилет. Оорунун ар кандай формаларында стационарлардагы дарыгерлерге протоколдон тышкаркы, далилденбеген дары-дармектерди жазууга тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан