Бүгүн, 24-июль күнү мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга кезектеги суракка чакырылган. Ал үч сааттан кийин УКМКдан чыкты. Анын айтымында, кийинки чакыруу 27-июлга белгиленген.
"Сурактын чоо-жайы тууралуу айтууга тыюу салынган. Тил катка кол коюп бердим", - деди Кылычбек Султан.
Ал кечээ, 23-июль күнү УКМКга чакырылган болчу. Андан бир күн мурун мурдагы элчи социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча митинг өтөөрү тууралуу билдирүү жарыялаган.