Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы жаанга карабай өз кызматын аткарып жаткан патрулдук милициянын кызматкеринин видеосу тарады.
Видеодо көрүнгөндөй кызматкер борбор калаадагы Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жаанга карабай, жол кыймылын жөнгө салып жаткан. Социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучусу кызматкерди мактоого алышууда.