Биз социалдык тармакта

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьялар кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштар киргизилген.

Конституциянын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыктарга кол койду.

Биринчи жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төмөндөгү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду жана алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат орундарынан бошотулду:

  • Кайсын Абакиров;
  • Авчи Алиев;
  • Аманбек Сариев.

Экинчи жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулунун ыйгарым укуктары токтотулду.

Ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат ордунан бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nargizab
2020-07-25 01:22:11
Ушул Эрнис Айбек уулу кетчинчи. Канча адамды какшатты. Канчалаган бейкуноолордун убалына калды.
+2
Jelezo
2020-07-25 11:57:43
Чет өлкөгө чыгып кетбесе майып кылып коюшат. Тезирээк чыгып кет акылың болсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан