Биз социалдык тармакта

Бишкекке коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дарылар алып келинди

Бишкек шаарына коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дары-дармектер менен жүк жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Антикоагулянттар, эноксапарин жана нандропарин өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин аракеттешүүсү аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган.

Көрсөтүлгөн дарылар Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берилди жана COVID-19га чалдыккандар дарыланган медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде инфекциянын калк арасында жайылуусуна карата запас түзүү үчүн дары каражаттарын сатып алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан