Кечээ, 24-июлда Бишкек шаарынын Алтын Казык жаңы конушундагы Жаннат мечитинде имамдын демилгеси менен кичи баш жандык союлуп, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Анда жерибиздин тынчтыгы, элибиздин саламаттыгы үчүн дуба кылынып, эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди. Бул тууралуу мечиттин имамы Абдулфаяз Коххоров билдирди.
"Учурда пандемия деп бүтүндөй жер жүзүнө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнө тараган аты жаман вирус батыраак элибизден узак болсун деген тилек менен кан чыгардык. Аллах Таалам түлөөбүздү кабыл кылсын. Ар бир мусулманга сак саламат өмүр сүрүү насип эткен болсун", - деди Абдулфаяз Коххоров.