Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 53 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабарлады.
• Бишкек шаары – 9;
• Чүй облусунда – 5;
• Ош шаары – 8;
• Ош облусунда – 16;
• Жалал-Абад облусунда – 1;
• Баткен облусунда – 11;
• Ысык-Көл облусунда – 2;
• Талас облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2 миң 633 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 305 медкызматкер айыкты.