Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы: "Дары-дармектерди мамлекеттик деңгээлде сатып алуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш"

Дары-дармектерди мамлекеттик деңгээлде сатып алуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

«Ооруканаларды жана поликлиникаларды тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыздоо иши туруктуу негизде жүргүзүлүүсү зарыл. Мындан тышкары фармацевтикалык компаниялардын дары-дармектерди ташып келүүсүнө шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөөнү күчөтүү керек. Ошол эле учурда дары-дармек каражаттарынын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баасын негизсиз жогорулатпоо үчүн көзөмөлдөө иштерин күчөтүү шарт», - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларында жаңы салына турган медициналык мекемелер жана аймактарда оңдолуп башталган имараттар жарандарга толук кандуу медициналык тейлөө көрсөтүүчү мекеме болушу шарт.

«Курулуш жана оңдоп-түзөө иштери башталган медициналык жайларда интенсивдүү терапия жана жандандыруу орундары тийиштүү жабдуулар менен жабдылууга тийиш. Муну менен катар тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу жана аларды сатып алуу иши азыртадан жүргүзүлсүн», - деди Кубатбек Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан