Биз социалдык тармакта

Судья Айбек Эрнис уулу судьялык кызматтан бошотулду

Судьялар кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштар киргизилген.

Конституциянын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы тиешелүү жарлыктарга кол койду.

Биринчи жарлыкка ылайык, Октябрь райондук сотунун төмөндөгү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду жана алар жергиликтүү соттун судьясы кызмат орундарынан бошотулду. Алар: Абакиров Кайсын Кадырович, Алиев Авчи Мустафаевич, Сариев Аманбек Орозунбекович.

Экинчи жарлыкка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулунун ыйгарым укуктары токтотулду. Ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат ордунан бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aza84
2020-07-25 13:32:49
Эң туура чечим эми надо мачит эшектм
+12
talaa11
2020-07-25 14:57:42
Бул акмакты онбеш жылга камаса туура жаза болот
+12
rola
2020-07-25 15:24:33
Жакшы эле болуптур.Топтоп койгондур озу дагы.Адилетсиз!
+8
ruslan_92kg
2020-07-25 16:24:24
ОЗУ да жон териси мн сезсе экен адамдын тагдыры мн ойногон кандай экенин. Устунон иш козголсун!
+5
010288
2020-07-25 17:27:46
Айбек,Айбек,Айбек,Айбек,Айбек айылына издеп келдим Айбек болуптур да а)))
+4
amirrus
2020-07-25 17:32:46
Буга козголо тарган иштер коп,бул акмак соттогон адамдардын ишин башынан карайбыз,бул кишинин камалышы турган эле иш...
+6
rysik79
2020-07-25 20:38:45
Акчасы чыкты шак эле кетти.
+4
Nina.alex
2020-07-26 23:23:20
Урааааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан