Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин кызматкерлери жоголуп кеткен кызды таап беришти. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июль күнү шаар тургуну Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Анда 2011-жылы туулган кызы Э.Н. 24-июль күнү саат 19:00 чамасында Арча-Бешик конушунан дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.
Издөө иштеринин натыйжасында, кыз аман-эсен табылып, ата-энесинин колуна өткөрүп берилген. Мындан улам алар милиция кызматына ыраазычылык билдиришкен.