Биз социалдык тармакта

Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасы курулуп баштады

Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасына премьер-министр Кубатбек Боронов катышты.

«Пандемиянын экинчи толкуну боюнча маалыматтар айтылууда. Ошондуктан пайдубалы түптөлүп жаткан жаңы оорукананын курулушун тез, ошол эле учурда сапаттуу бүтүрүү керек. Бул медициналык жай интенсивдүү терапиясы жана жандандыруучу орундары менен болот», - деди өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, медициналык жай Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына тез тургузулуучу конструкция менен курулат.

Пайдубал түптөө иш-чарасынын алкагында өкмөт башчы оорукананын эмгек жамааты менен маектешти, медицина кызматкерлеринин ден соолугун сактоо боюнча мамлекет тараптан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кубатбек Боронов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында ооруканага ылайыкташтырыла турган имараттын абалы менен таанышты.

Премьер-министр багыты өзгөртүлүп, медициналык мекеме болуп жасала турган имаратты оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aza84
2020-07-25 20:55:04
Эми ойлондунбу Бороновирус
-5
Nargizab
2020-07-26 00:31:40
Кеч болбойт эми деле макул бекер чондор жегенден коро ошол акчалырды. Кийин да керек.
+1
CHingiz90
2020-07-26 07:27:38
Эми не кыла аласыңар
+2
akmanai
2020-07-26 07:49:32
Сарпашев биринчилерден болуп киришкен го азамат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан