Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү 351 миллиард 27 миллион 580 миң сомду түзөт

Өкмөт мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө белгиледи. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн билдирүүсүндө G20 (Чоң жыйырмалык) жана Париж клубу тарабынан жакыр өлкөлөр үчүн карыздарды тейлөө ишин токтото туруу демилгеси колдоо тапкан соң, Кыргыз өлкөсү эки тараптуу кредиторлорго тышкы карызды тейлөөнү токтото турууга расмий кайрылууларды жөнөткөн.

“Бүгүнкү күндө дээрлик бардык эки тараптуу кредиторлор менен карызды тейлөө үчүн төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Ал кредиторлор: Сауд Арабия өнүктүрүү фонду, Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фонду, Франция Республикасы, Германия Федеративдик Республикасы, Дания Королдугу, Корея Республикасы жана Жапония. Төлөмдөрдү кийинкиге калтыруунун шарттары боюнча Кытайдын экспорттук-импорттук банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп билдирет өкмөттүн маалымат катчылыгы.

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын апрель айында коронавирустук пандемиядан улам келип чыккан экономикалык кризиске байланыштуу тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. Май айында президент Сооронбай Жээнбеков "Коронавирус доорунда жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" эл аралык форумунда тышкы карызды "терең" реструктуризациялоону сунуш кылган.

2020-жылдын 31-майына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын көлөмү 351 миллиард 27 миллион 580 миң сомду түзөт, анын 85,8 пайызы тышкы карыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
bekhaliev
2020-07-26 09:47:56
Охооо
+1
bekhaliev
2020-07-26 09:51:30
Мен 2 милярд берейн калганын озунор бергиле
0
ZUXRIDDIN20
2020-07-26 09:54:31
Кыргызстандын жарымын сатса деле жетпесе керек
-3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-07-26 09:58:13
ZUXRIDDIN20,доорубочу
+6
nnn.sss
2020-07-26 10:09:30
Акаев баштап берген жегичтер,баары жеп тымпыйып отурушат, карызды эми эл толош керекпи? Ошолорду кармап кайра кайтаруунун убагы келди го!
+6
asash
2020-07-26 10:26:19
Муну доллар менен айтпадынарбы, Кыргызстан тышкы карызды доллар менен толойт да же сом менен толойбу,бул курс 69 дан эсептесе 5млрд.9 млн 87мин доллар болот экен, Фейсбукта Абдулла Ташиевич, 20 млн долларга ИНВИТРО питомник куруп, буровой установкаларды алып келип, бак отургузуп, 5-10жылдын аралыгында кризистен чыгып, кыргызстанды онуккон олколорго айланталы деп жатат,э ушундай карыздан эмне калды,Ош Бишкек жолу,кемин датка ВЛ, Бишкек ТЭЦ,э бир сарамжалдуу максаттуу пайдаланса болот эле го
+5
asash
2020-07-26 10:33:41
Адамзат алдында жооп бербесенер да, кудай алдында жооп бересинер,бизге бул садиктен баштап, бироонун буюмун алба, бироонун акысын жебе деп, бир менталитти озгортпосок, Кыргызстанды алга сурой албай эле артка тартып жатасынар урматтуу Эл башчылары,мындан ашык эмне дейсин, мына коросунор Россия эми онугот, онуктуро турган премьер министр келди,бизде качан келет, бок талашып олтурасынар,байлык бул-бок, жакынкы жылдары отток население болот,себеби Россияга келип жайгашат.
+2
asash
2020-07-26 10:45:13
Ош-Бишкек жолу,ага жон эле асфальт тошоп жол кылбастан, разделительная дорога, кылыш керек болчу, хотябы населенный пункттарды, повороттторду разделительная дорога кылыш керек эле,авария коп, канчалаган кырсык болуп жатат,копчулугу встречный барып урулуп алынып жатат, жолдун тардыгынан болуп жатат
+4
talas0707
2020-07-26 10:53:33
Алла баарын коруп турат. Мынча акча кайда кетти?
+5
bond02
2020-07-26 11:00:28
Ак уйду ичиндегилери менен кошо сатыш керек.
+5
akmanai
2020-07-26 11:14:45
Эстетип койгулачы Кыргызстандын тышкы карызынын 5 жыл мурунку суммасы канча эле доллар менен
+4
portugalia
2020-07-26 11:20:47
Балдарыбыз,алардын балдары деги эле кийинки муундардын моюндарына кутула алгыс карыздарды илип жатабыз.Бийлик кичине озгоруу киргизип,депутаттардын,ичип жегендердин санын азайтса, Эл ыраазы болоор беле.....
+3
portugalia
2020-07-26 11:22:25
Убактылуу токтоткону менен убактылуу бийликтегилердин пайдасына болуп жатпайбы.
+4
Adil18
2020-07-26 11:52:56
Бугунку кундо элге,мекенге куйгон,эр журок,айткан созуно турган президент болгондо 2 жылдын ичинде тышкы карызды кутулуп коет элек.
Эгемендуулук алган жылдардан ушул кунго чейинки жетекчилердин байлыгын алуу,пенсиясын жокко чыгаруу,жооптуу кызматтардын баары азыр эн бай адамдардан.Пенсия дагы алышат.Мамлекетти ойлошпойт.Алар бийликтин буйругун гана аткарып кун откоргон акмактар.
Чечкиндуу президент келсе экен эртерээк.
+1
Adil18
2020-07-26 11:57:12
Adil18,
Азыркы учурда эн сыйы дагы бети дагы жок акмактар жетектеп жатышат мамлекетти.Буга чейин кайсы кызматтарды жетектеди,мамлекетке кандай пайда алып келди анын жасаган иштери.Адамдын мээнетин актоону эмес,адамдын эки жуздуулору,ууруларын колдоп акылсыз болсо дагы министрлик кызматты жетектесин деген заман болдуп жатат.
+2
Adil18
2020-07-26 12:01:42
Adil18,
Жээнбеков Сооронбайдын бугунку кундогу президенттик кызматы боюнча эч бир маселе чече элек.Жыйынтыгы,максаты жок нерселер менен гана алек.
Мен уялат элем элиме убада берип президент болуп алган сон айткан убадамды унутуп калгандан.Эки жарым жылдан отту,жон гана мамлекетти арткан тартып атат.Ордуна башка бироо келгенде эн койгойлуу маселелерди чечип,элдин жашоосуна озгортуулорду,кубаныч суйунучторду тартууламак.
+3
Adil18
2020-07-26 12:08:58
Саламаттыкты сактоо министри эмне иштерди жасап журот,белгисиз акыркы 15 жылдан бери.
Ооруканаларда бейтаптарга керектуу аппараттар жок.Тендер жарыялап алып келишет,бирок эски так диагноз чыгаа албайт.Бирок ал арзан келгени менен жана коп акча элден чогултуп бергени менен жакшы жеке ишкерлерге.Эл кыйналып корунгон оорукана,клиникаларга корунуп журо беришет.Ар башка аппараттан ар башка диагноз чыгат.
+2
Adil18
2020-07-26 12:14:19
Adil18,
Жогорку Кенеште Саламаттыкты сактоо министринин орун басарына депуттаттар суроо узаткан.Элден коп кайрылуу келип жатат.Жеке менчик клиникалардагы аппараттар так жана туура эмес диагноздорду чыгарып жатат.Сиз суроого ачык жооп беринизчи деп.
Ооба,50%-50% гана чыгарышат.
+2
Adil18
2020-07-26 12:22:27
Adil18,
Ушуга окшогон оорулуулардан пайдаланып акча жасаган акмактарга катуу жаза беруу керек.
Мурунку телефондордо ик-порт деген блютуз сыяктуу бар эле.
Азыркы аппараттар ошол ик-порту бар телефон сыяктуу.
Заманбап медициналык аппараттар 1,5 млн$дын айланасында.
Эмнеге областтарга,райондорго бирден сатып алышпайт министрлик.Элге кайрыл,жетекчисинби оорулууларды ойлош керек.Аппараттардын жетишсиздигинен олумдордун саны коп болушу мумкун.
0
Shef87
2020-07-26 14:24:44
351 027 580 000÷6 000 000=58 504,59
+1
Ananaska
2020-07-26 21:02:26
Shef87,эми ушул эле кезде канчасы эмгеке жарамдууу, ошону да эсептеп чыгарсанар жакшы болмок)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан