Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Эртең ал жамаатка тааныштырылат.
Балбак Түлөбаев шаардык мэриянын аппарат башчысы кызматын 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин аркалап келди.
Анын өмүр баяны менен шилтеме аркылуу өтүп, тааныша аласыз.