Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал SUPER.KG порталына ишти коронавируска каршы күрөшүү менен баштай турганын билдирди.
"Бул кызматка баруу сунушун өкмөт башчы Кубатбек Боронов берди. Ал "Ысык-Көлгө барып, өз элиңе кызмат кылып бер" деп айтты. Мен саясатчы эмесмин, мамлекеттик кызматкермин, муниципалдык кызматта жүрдүм. Өз элиме кызмат кылуу мен үчүн бийиктик. Ар ким эле өз элине кызмат кылгысы келет. Ошонун негизинде бул кызматка баруу чечимин кабыл алдым. Ишти коронавируска каршы күрөшүү менен баштайм. Андан кийин экономика, туризм жана башка 50гө жакын көйгөйлүү маселелерди чечкенге аракет кылабыз", - деди Түлөбаев.