Реалдуу сектор жана каржы жаатында белгилүү консультант, "Кыргыз почтасы" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айдар Мокенов узакка созулган оорудан улам каза болду. Ал 27-июлда көз жумганын анын кызы Бегайым Мокенова жазып чыкты.
Мокенов Айдар Абдразакович 1963-жылы 29-апрелде төрөлгөн. 1985-жылы Москвадагы башкаруу институтунда кибернетикалык экономист адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолун 1985-жылы аталган жогорку окуу жайда окутуучу болуудан баштаган.
1985-1987-жылдары Москвадагы башкаруу институнун экономикалык кибернетика бөлүмүнүн илимий кызматкери;
1987-1988-жылдары Кыргыз ССРнин Айыл чарба министрлигинин агрардык экономика илимий-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери;
1988-жылы Айыл чарба министрлигинин айыл чарба экономикасы илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкери;
1989-1991-жылдары КМУнун компьютердик лабораториясынын башчысы;
1991-1992-жылдары "Агропромбанктын" валюта жана биржалык бөлүмүнүн башчысы;
1992-1994-жылдары "Азия-инвест" акционердик коомунун жана "Азия Брок Сервис" ЖЧКсынын төрагасынын биринчи орун басары;
1994-1995-жылдары "Агропромбанктын" алдыңкы экономисти жана Мамлекеттик мүлк фондунун экономикалык кеңешчиси;
1995-1997-жылдары "Акылинвестбанк" башкармалыгынын валюталык операциялар жана баалуу кагаздар бөлүмүнүн башчысы;
1997- жылы "Акылинвестбанк" башкармалыгынын төрагасынын орун басары;
1997-1999-жылдары Улуттук банкта экономикалык кеңешчи;
1999-жылы "Кайрат-Банктын" төрагасы;
1999-жылы президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча консультант-эксперти;
1999-2001-жылдары "Кыргызалтын" акционердик коомунун вице-президенти жана президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2001-2003-жылдары Банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо агенттигинин директору;
2003-2005-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы финансылык полиция департаментинин директору;
2005-жылы өкмөткө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
2008-200-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
2012-2013-жылдары Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Айдар Мокеновдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.