Биз социалдык тармакта

Мушкер Дастан Али Шаршеев Ысык-Көлдү жетектөөгө барган Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болду

Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Балбак Түлөбаев мушкер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылып алды. Бул тууралуу облус башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу калайык калк! Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын", - деп жазган Балбак Түлөбаев.

Бул боюнча мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео кайрылуу жасады.

"Акыреттеги суракта "сага берилген жаштыкты эмне кылдың?" деп сурайт экен. Мага берилген жаштык убакытты жөн эле кетиргим келген жок. Бул дагы Кудайдан берилген оомат. Мен кичи мекениме кызмат кылганы келдим", - деди Шаршеев өз кайрылуусунда.

Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Million
2020-07-28 14:49:49
Бизге кучтуу патриот экономистер,агрардык билими кучтуу патриот агрономдор да келсе экен!Дастанга ийгилик каалайбыз!
+5
kechirmeni
2020-07-28 15:14:28
Кыйын экономист юристтердин пайдасы деле тийбей жатат. Патриот болуп, иштин козун билсе иштей берсин. 120 депутаттын дээрлик баарында бирден экономический, юридический дипломдору болсо керек. Андай эле жарытышпады
0
i1urp
2020-07-28 15:22:51
Бизде интернет жылдыздарын жардамчы, кенешчи кылып алмай салт болуп баратабы. Маселени чечиш учун адамдын билим денгеелине караш керекпи же жылдызы жанып кетсе эле жумушка алуу керекпи.
+12
Adambol
2020-07-28 15:39:56
шайлоого даярдык Кыргызстан партиясынын
+4
hangug
2020-07-28 16:01:53
Дастан видео кайрылуу кылып катту сын айтты эле бийликке эми жумущ.берип ооз жабыш керек шайлоого да дайардык типа.
+9
ilgizk
2020-07-28 16:56:21
Жакшы бала деп эле жумуш бере берген туура эмес,тажрыйбалуу адамдарды алса жакшы болмок бизде мындай жаштар толтура.
+9
assanov97
2020-07-28 19:01:57
Булда Урматка окшоп мен азыр бийликти сындабайм дебесе болду
+4
Alinur96kg
2020-07-29 02:33:43
Телохранитель.
+1
Arstan18.18
2020-07-29 12:44:43
Анжелика мн Айзаданыда алгыла чанкоонорду анкоонордуда басып турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан